Баткен районунда 6-майда каналга 6 жашар кыз кулап түшкөнү маалымдалган. Кыз ойноп жатып сууга түшүп кеткенин Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыз ойноп жүргөндө сууга түшүп кеткен. Анын жансыз денесин 6-майда болжол менен саат 15:00 чамасында суудан алып чыгышкан. Кыздын ата-энеси экспертиза жасатуудан баш тартышты. Алар кызынын сөөгүн алып кетүү үчүн өлүкканага келишти", - деди мекеменин басма сөз өкүлү.