5 облус боюнча стационарларда канча бейтап дарыланып жатат? (статистика)

7-майга карата өлкөдөгү стационарларда 246 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Анын ичинен 7 бейтаптын абалы оор. Дагы 676 адам обсервацияда жатат.

Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.

Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 335 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 179 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы алтоо (Бишкекте 5, Чүйдө 1) каза болду. Калган 150 жаран дарылануусун улантып жатат.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 285. Анын 135и облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 117 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 15 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 1, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 9, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 5) стационарларда калууда.

Ош шаарында 150. Анын 130 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда калгандар 17 (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 12, облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында 5).

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 132. Бүгүнкү күндө анын 110у айыгып, 22 бейтап стационарларда калууда. (Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында 1, Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында 4, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 3, Чаткалдагы дарыгерлер борборунда 14).

Нарында жалпы 115. Анын ичинен 83 жаран сакайып, 32 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 15, Жумгал райондук аймактык ооруканасында 4, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 13).

Баткен облусунда жалпы 18. Анын 8 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 10 жаран стационарларда калууда (Кадамжай районундагы аймактык ооруканасында 6, Лейлек районундагы аймактык ооруканасында 3, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 1).

Ысык-Көлдө жалпы 10. 6-майда ооругандардын бардыгы айыгып, медициналык жайдан чыгарылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orun
2020-05-08 18:02:48
Баткендин өзүндө жок экен шүгүр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан