"Орозо учурунда ооз ачуу үчүн чайханага адамдар чогулса, ошол жайдын ээсине чоң суммадагы айып пул салынат" дейт биринчи вице-премьер

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов орозо учурунда ооз ачууга чогулууну токтотуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-майда онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Орозо учурунда ооз ачуу үчүн чайханага чогулууну токтотуу керек. Патрулдук милиция текшерет. Эгерде чайханада топтолуу иштери болсо, чайхананын ээсине чоң суммадагы айып пул салынат. Кичине пайда табам деп чоң суммадагы зыян тартып калбаш үчүн чогулууларды жасабоо керек", - деди Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан