Чүй өрөөнүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын көпчүлүк бөлүгү жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн келген кишилер. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова бүгүн, 22-июнда маалымат жыйын учурунда айтты.
"Чек аралардын ачылышы, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн ташып келинген учурлардын көбөйүшү, ички авиакаттамдардын, автотранспорттук каттамдардын жаңыланышына байланыштуу коронавирус инфекциясы кайрадан күч алды. Мындан сырткары медицина кызматкерлери айткандарын укпагандар, аралыкты сактабагандык жана гигиеналык эрежелерди аткарбагандар болууда. Булардын баары инфекциянын азайбай эле, көбөйүүсүнө себеп", - деди өкмөт өкүлүнүн орун басары.