Буга чейин социалдык түйүндөрдө бардык мамлекеттердин борбор калаасын жаңылбай айтып жаткан белгисиз адамдын видеосу тарап, аны талкуулап, жарандын эс тутум, акыл-эсине таңдангандар болгон. Ал бат эле интернеттин жылдызына айланып, коомчулуктун көңүл борборунда калган. Мындан улам аны турак жай менен камсыздай тургандар жана дарылануусун моюнуна алгандар чыккан.
Ал эми бүгүн, 7-майда ал жаранга эч кандай жардам болбогонун чагылдырган видео тарады. Анда ал жардам берем дешип, бирок аны күттүрүшкөнүн, мындан улам ал кетип калганын айтып берген.
"Чынында, азырынча жардам боло элек. Күтүп тур деди, кийин дагы күтүп тур деди... Акырында мен чарчап кеттим. Ал эми Канттан бул жакка өзүм келдим. Мэриядан бир аял келди. Ал да күт деди. Ал деле мен үчүн келген жок, башка көйгөйлөр менен келди да. Ал башка эле адам менен башка маселелерди сүйлөшүп жатты. Ал мени жолотпой койду, 2 саат күтүп, анан кетип калдым. Калганын билбейм", - деген "географ" атка конгон киши.
Ал эми бул маалыматты Бишкек мэриясы четке кагып, мындай окуядан кабардар эмес экенин жана азыр аталган окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатышканын билдиришти.