Бүгүн, 13-июнь саат 10:00гө карата дагы 54 бейтап коронавирустан айыкты делинип ооруканалардан чыгарылды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаары – 27;
Чүй облусу – 3;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 20.
Өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 1 миң 722 болду.