Түркмөнстандын "Ахал" клубу Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда жергиликтүү "Нефтчи" клубу менен 5-февралда өтө турган оюнду башка күнгө жылдырууну суранып, АФКга (Азия футбол конфедерациясы) кат жолдошту. Бул тууралуу КПЛдин (Кыргыз Премьер Лигасы) Инстаграмдагы баракчасына жазылды.
Маалыматка ылайык, "Ахал" клубу Кытайдан чыккан коронавирустун айынан бул оюнду башка күнгө жылдырууну суранышууда. Клубдун бул сунушун АФК четке кагып, Жалал-Абадда эч кандай коркунуч жок экенин жана бул оюн белгиленген убактысында өтүшү керектигин билдирген.
"Ахал" клубу оюнга аз убакыт калса дагы Жалал-Абад шаарына келе элек. Бул тууралуу Футбол федерациясына байланышканыбызда маалымат такталып жатканын билдиришти.