Кыргыз өлкөсүндө киргизилген чектөө чаралары коронавирустун жайылуусун жайлатты. Мындай пикирин АКШнын Борбор Азиядагы ооруну алдын алуу жана дарылоо борборунун аймактык жетекчиси билдирген.
"Кыргыз өлкөсү чек араларды жаап, өлкө ичиндеги кыймылдарга чектөө киргизгени коронавирустун жайылуусун курчуткан жок. Чектөөлөрдөн кийин коомдук жайларга баруу 60 пайызга кыскарган. Бул Борбор Азия мамлекеттериндеги эң жакшы көрсөткүч.
Ушундай иш-чаралардын баары илдеттин жайылуусун жайлатат. Алдыда чоң иш турат, көптөгөн жарандардан тест алып, изоляцияга алыш керек. Биздин көрсөткөн колдоолорубуз бул жаатта жардам берет деген үмүттөбүз", - деген эксперт.