Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес өлкөлөрдөн келген жарандар өзгөчө көзөмөлгө алынууда

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынын бардык периметриндеги өткөрүү жайларында, айрыкча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес өлкөлөрдөн келген же болбосо Кытай Эл Республикасына 2019-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын февраль айына чейин барып, келген жарандар өзгөчө көзөмөлгө алынып жатат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Чек ара кызматкерлери өздүк документтеринен тышкары, паспортторундагы штампты да текшерип, ал эми ID-card документтерин көрсөткөн учурда чек ара көзөмөлүнүн автоматташтырылган тутуму аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жарандардын жакынкы арада Кытай Эл Республикасына баргандыгы боюнча маалыматтарды текшерип жатышат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетектөөсү менен Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан даярдалган иш-аракет алгоритмине ылайык, Кыргыз өлкөсүнө келген бардык жарандар термометрия жана жогорку дем алуу органдарын изилдөө лабораториясынан өтүшүүдө.
Кытай жарандары дыкат текшерүүдөн өтүшүп, андан сырткары карантинден өтүү үчүн атайын даярдалган жайларга жайгаштырылууда. Ал эми Кытай Эл Республикасынан келген Кыргыз жарандары да санитардык-карантиндик жайларга жайгаштырылып, ар тараптуу текшерүүлөрдөн өтүшүүдө. Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, тийиштүү профилактикалык чаралар көрүлүүдө. Карантиндик зоналар жарандарды кабыл алып, бардык тиешелүү жабдуулар менен камсыз болгон убактылуу обсервациялык жайлар уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.
Бардык өткөрүү жайларында дезинфекциялык тосмолор орнотулган жана транспорт каражаттарын дезинфекциялоо жүргүзүлүп жатканын кошумчалады аталган басма сөз кызматынан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
JaneEr
2020-02-11 17:54:48
Кытайлан неге отуп атат бизге?
+5
anash
2020-02-11 17:59:38
Кытайдан келген жарандар бизге аралашып эле журотко эштеке кылбайэле кармашыгар керек болчу уят
+5
Kyrgyz_bloger
2020-02-11 18:23:09
Кытай жарандары бизге ооруканага жатканы келип жатабы?
+3
Omush94
2020-02-11 20:07:38
Kyrgyz_bloger, оорудан качып келе жатат да чек аранын бир тешигинен кирип, жабылган эле го...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан