Бүгүн, 7-май саат 12:20га карата Казак өлкөсүндө 7 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ыкчам штабынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муну менен жалпы вирус жуктургандардын саны 4 миң 509га жетти. Айыгып чыккандардын саны 1 миң 408ди түзсө, 30 адам илдеттен көз жумган.
Ооругандар кайсы облуста катталган:
Алмата - 1 миң 420;
Нур-Султан – 853;
Атырау облусу – 240;
Шымкент – 223;
Кызылордо облусу – 223;
Батыш-Казакстан облусу – 213;
Алмата облусу – 178;
Караганда облусу – 175;
Актөбө облусу – 172;
Жамбыл облусу – 164;
Түркестан облусу – 163;
Павлодар облусу – 152;
Мангистау облусу – 105;
Акмоло облусу – 101;
Костанай облусу – 59;
Түндүк-Казакстан облусу – 33;
Чыгыш-Казакстан облусу – 30.