Вице-премьер коронавируска каршы күрөшкөн медицина кызматкерлеринин эмгек акысы кечиктирилбей бериле турганын айтты

Жакынкы күндөрү коронавирустук инфекциясына каршы күрөшкөн медициналык мекемелердин бардык кызматкерлери кошумча төлөмдөрдү алышат. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

"Айрым аймактарда дарыгерлер март айындагы кошумча айлык акыны ала алышкан жок. Кечигүүнүн себеби туура эмес көрсөтүлгөн банк реквизиттери жана мөөнөттөрдү түзүүдө техникалык көйгөйлөр болду. Март айындагы сый акыга 35 миллион 200 миң сом 6 миңден ашык медициналык кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн.

Бул каражаттар түздөн-түз Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине жөнөтүлөт. Бүгүнкү күнгө чейин 230 медициналык уюмдан 104 миллион сом суммасында өтүнмөлөр келип түштү. 7-майга карата Саламаттыкты сактоо министрлиги 87 уюмду 7 миллион 500 миң сом суммасында каржылаган. Калгандары 10-майга чейин акча алышат. Кандайдыр бир кечигүү болсо, өз убагында кабарлаңыздар", - деди вице-премьер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан