Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз элин коронавируска каршы вакцина алууга чакырды. Анда ал вакцина албагандар ооруга чалдыгып жаткандыгын белгилеп өткөн.
"Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар.
Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады", - деп жазган Жапаров.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 23-июлда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.