COVID-19 жана пневмония илдетине кабылган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы стационарларда 219 бош орун бар. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги берген маалыматка ылайык, бош орундар төмөнкү бейтапканаларда:
Улуттук хирургия борбору - 5;
Республикалык инфекциялык оорукана - 16;
№2 клиникалык төрөт үйү - 10;
Улуттук госпиталь - 26;
№1 шаардык клиникалык оорукана - 21;
№6 шаардык клиникалык оорукана - 98;
Кардиология жана терапия улуттук борбору - 43.