"Чыр жер талашуудан улам келип чыкты". Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну ок Тажик тараптан атылганын айтты

Бүгүн, 8-майда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу болду. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы да тастыктап, абалды оор деп билдирген.

Чыр жана ок атышуу Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургуну билдирип, төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Биз жакта интернет дагы жаман болуп жатат. Мен жашаган Көк-Таш айылында атыш болгонуна 1 саатка чукул убакыт болду. Уруштун чыгуусуна жер талашуу себеп болду. Айылыбызда каналдын астында 600 метр ылдый жакта кыргыздын жери бар. Ал жерди тажиктер келип трактор менен сүрдүрүп, ок чыгарган", - деди жаран.

Абал боюнча дагы кошумча маалымат берилет.

Чек ара чыры
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Firdaus-Muslim
2020-05-08 21:23:40
Бийликтегилер ушул чек ара маселесин чече албасаңар кеткиле.
+9
mirlanpiter
2020-05-08 21:25:54
Чек ара маселесин тез арада чечип ,алчу жерди алып бере турганын берип масалани жаап салуу колунан келбей отурат да,,...элди кыйнап
+9
Erik2018
2020-05-08 21:32:13
чек ара маселеси эки тараптуу келишим бир көнсө экинчиси көнбөгөн өтө татаал маселе 28 жылдан бери чечилбей жатат быйылкы сүйлөшүүдөн кийин тактоо иштери жүрүп жатты эле Тажиктер караңгылык кылып ызылдап жатат
-4
anash
2020-05-08 21:37:52
Бийлик бок жеп отурабы реакция кылгыла келишимди закондун негизинди ушул окмот бирди коргону калды
+6
begalove
2020-05-08 21:43:07
Уруш боло берип коркупта калдык, жаз келди жер талаш суу талаш
+3
shirinai
2020-05-08 21:46:33
Ак уйду Баткенге кочуруу керек. Ошондо чек араны карашпаса. Чондорго баары бир, коп соз жазайын дейсин эч ким укпаса .....
Эми эле уктук,коркуп уйкубуз качат экен эми. Биз го мейли ,наристелерге боорум ооруйт
+6
bazar
2020-05-09 20:18:34
Таш ыргытпайын дейсиң а, атса жиниң келет да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан