9-майга карата Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"9-май саат 08:30га карата Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чек жерлигиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өттү, эки тараптан тең чыр-чатак чыккан аймактагы кошумча күчтөрү жайгашкан жерлерине алынды. Баткен облусуна Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кетти", - деп жазылат маалыматта.
Кечээ, 8-май күнү Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, 4 Кыргыз жараны жаракат алган. Анын 3өө аскер болгон.