Аскерде дагы мыкты. Белгилүү футболчу Сон Хын Мин аскердик мөөнөтүн аяктады

Түштүк Корея курамасынын жана лондондук "Тоттенхэм" футболдук клубунун чабуулчусу Сон Хын Мин аскердик мөөнөтүн мыкты деңгээлде аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Окуу-машыгуу жыйынтыгына ылайык, оюнчу ар кандай көрсөткүчтөр боюнча 157 адамдан турган топто 5-орунду ээледи. Футболчу ошондой эле идеалдуу натыйжага жетишкен.

Коронавирус пандемиясынан улам салтанат жабык эшик артында өттү, бирок футболчуну ондогон күйөрмандары куттуктоо үчүн көчөдө күтүп турушкан.

Аталган өлкөнүн мыйзамына ылайык, 28 жашка чейинки ар бир эркек жаран 21 айга созулган аскердик кызмат өтөөгө тийиш. Футболчу 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында мыкты оюн көрсөтүп, командасы менен жеңишке жеткендиги үчүн аскер кызматын өтөөдөн бошотулган. Бирок ал мыйзам боюнча, 3 апта аскердик кызмат өтөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Daniel01
2020-05-09 14:36:27
Бир айлык кытайда деле бар турбайбы
+1
arstanbap02
2020-05-09 22:47:46
Кытай да эмес да бул
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан