Минск шаарынын мэриясы "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, калаа бийлиги тыюу салууну коронавирус инфекциясынын жайылышы менен түшүндүргөн. Бирок ошол эле учурда аскердик парадга жана кечинде Жеңиш аянтында өтчү концертти өткөрүүгө уруксат берген.
"Өлбөс полк" акциясы СССРдин курамына кирген мурдагы бир катар мамлекеттерде да уюштурулуп келет. Кыргыз өлкөсүндө "Өлбөс полк" 2014-жылдан бери өтүп келет. Бул ирет пандемиядан улам иш-чара онлайн форматында уюштурулууда.
Президент Александр Лукашенко март айында "Өлбөс полк" жүрүшүнө каршы экенин билдиргени маалым.