+71. Басымдуу бөлүгү Соль-Илецктен келгендер. Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 1 миң 2ге жетти

Бүгүн, 10-майга карата коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 1 миң 2ге жетти. Сутка ичинде 71 жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Вирус аныкталгандар:

Бишкек шаары - 2;
Чүй облусу - 56 (алардын ичинен 55и Соль-Илецк шаарынан келгендер);
Жалал-Абад облусу - 5;
Ош облусу - 3;
Баткен облусу - 4;
Нарын облусу - 1.

Ал эми саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде сутка ичинде өлкө ичинде 16 жарандан вирус аныкталды деген.

Кыргыз өлкөсү менен Соль-Илецк шаарынын аралыгы болжол менен 2 миң 620 чакырымды түзөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
admiral
2020-05-10 11:28:40
Жолдорду эрте ачып койушту
+15
Kulatov
2020-05-10 13:42:23
Туугандар ошол жакта тынч отуруп турсаңар болмок өзүнөрдү эле ойлобой бул жактагыларды да ойлоп.
+9
Mintip-menu-suybo
2020-05-10 17:04:17
Келбе деп какшап атса, келишет....
+4
Kylym.85
2020-05-10 18:00:50
Mintip-menu-suybo,Келбегиле дегендер акылынарды кичине иштеткилечи, Шарт болсо баардык кыргыз жарандары оз мекенине келиш керек, ооруган адамдарды мамлекет даарылайт , ал мамлекеттин милдети МВФдан каржыланып жатат , бюджеттен каржыланып жатат. Башкысы чет жактан келген жарандарыбызды обсервацияга алышса ошол жетиштуу , келбегиле дегенинер туура эмес пейилди ондойлу туугандар.
+4
bazar
2020-05-10 20:26:42
Урааа-ааа! Миңден аштык...
-8
daniel87
2020-05-10 21:10:15
Келбегиле дегени бул акмакчылык, уйундун торундо отуруп алып суйлой бербегиле оозунарды чойуп,Мигранттарга абдан оор болуп жатат, алдын ала чакырып алыш керек болчу ай талаада сыздаттпай убагында! Бир кунго бекер жаткызбайт Россияда ушул эле тушунуктуу болуш керек, башка созум жок! Жолдо кетип жатып эле баарына жугуптурда атаны кору дунуйо жоо жомок
0
munar1980
2020-05-10 23:31:47
Тушунбодум бир жарым ай границада жатып оорушпаган кантип эле 4 кундун ичинде ооруп калышты экен Кудайдын көзү түз болсун башка сөзүм жок.
+2
Birimdik5555
2020-05-10 23:55:46
munar1980,туура айтасын,бул жерде бир сыр бардай
0
Arstan18.18
2020-05-11 05:23:47
munar1980, ооруй электир анализ алганда да чыгатда вирус бар жок экени
0
al-abu-kinesz
2020-05-10 23:55:24
Келбегиле деп аткандар силердин да жакындарынар чет жерде журуп ооруп калса эч ким карабай жаткан болсо корот элем эмне дээринерди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан