7-майда Соль-Илецктен 541 Кыргыз жараны өлкөгө алып келинип, обсервацияга алынган. 10-майга карата алардын ичинен 55 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатып, обсервацияда жаткандардын арасында санитардык талаптарды аткарбай жаткандар бар экенин кабарлады.
"Чет өлкөдөн келген мекендештер обсервацияларга жайгаштырылган. Алардын арасында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбай, эреже бузуп жаткандар болууда. Өткөн суткада обсервациянын талабын бузуп, медициналык кызматкерлерге баш ийбеген окуя орун алды. Мындан улам биз укук коргоо кызматкерлерине кайрылууга мажбур болдук. Мындан тышкары обсервациядан качууга аракет жасагандар да болду. Чет өлкөдөн келгендер оорунун кооптуу экенин түшүнбөй жатышат", - деди ал.