Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев: "Биз жаштарга ишенимдүү багыттарды берип, жол көрсөтө албай жатыптырбыз" (маек)

Орозо айында SUPER.KG порталы Нарын облусунун казысы, теолог жана психолог Мамбетасан Ибраев менен маек курду. Ал "Ким өзүн жакшы тааныса, ал Кудайды да жакшы тааныйт" дейт. Ибраев отуз күндүк орозо, китеп окуу, жалкоолук жана жаштар тууралуу керектүү маалыматтарды айтып берди.

- Алгач өлкөдөгү китепканалар жана басмакана ачуу идеясы кандай келип чыкканы тууралуу кеп учугун баштасак.

- Биз сыртты көрүп, көп өлкөлөрдө болдук. Негизи ал жактагы китепканаларды карасак, аябай кенен жана китептери да көп, укмуш, тим эле көрүп көз тойбойт. Түркия, Малайзия, Орусиянын раритеттери менен биздин раритеттерди салыштырып баштадым. Биз кыргызбыз, бирок китепканаларыбызда орусча адабий китептер көп экен. Ооба, бизде көп китептер бар, бирок анын ичинде жаштардын, жалпы элдин талабына ылайык китептер жок. Кээ бирлери бул сөзгө теригиши мүмкүн, ага карабай китепканалар жаңы китептер менен жаңырышы керек. Мисалы, ошол эле пикир берүүчү, шыктандыруучу, ата-энелер балдарды тарбиялоосу боюнча, мугалимдерге багыт берген, жаштарды илимге үндөгөн жаңы китептер чыгып турушу керек.

Биздин өлкө эгемендүүлүк алганына 30 жыл болуп калды. Бул убакыт аралыгында китептер жаатында дагы деле иреттүү тартипке келе элекпиз. Бул ойду чет өлкөгө барып келгенден кийин ойлой баштадым. Чет өлкөдө кандай окуу жай, мектеп болбосун же оорукана ал гана эмес түрмө болсун китептер коюлуп, китепканалар уюштурулат экен. Түрмөдө 2 миңден 5 миңге чейин китеп окуган жарандарга эркиндикке чыгуу жеңилдиктери каралган.

Нарын облусунун казысы, теолог жана психолог Мамбетасан Ибраев.

Ал жактан келгенден кийин жалпы китеп окубаганыбызга дагы бир ирет ынандым. Чынында ага чейин деле биздин окубас коомубуз бар экенин аңдап жүргөнмүн. Кыргыздардын китеп окуусу салыштырмалуу алда канча артта калып калган. Булардын баары себеп болуп "Жамгыр" басма үйүн ачканбыз. Басма үйүнүн мүдүрү Толкунбек аттуу мырза. Бул жерде жөн эле китеп аттуулар эмес, элге пайдасы тийген китептерди чыгаралы деген ой болгон. Анын ичинде бала тарбиясы боюнча, балага тарбия берүүнүн жолдору тууралуу китептерге орун бере баштадык. Мына ушул максатта "Болор бала", "Эмне үчүн китеп окушубуз керек?" аттуу китептерди басып чыгарып, окурмандарга сундук. Биринчи жаштарга окуу эрежелерин үйрөтөлү, окуу кайда алып барат, ийгиликке кантип жетесиң, ылдам окуу жана 21 күндө калыптануу боюнча аталган китептердин ичинде жазылды. Ошол эле учурда эмне үчүн китеп окуу керектиги боюнча жарыштарды кылып келе жатабыз.

"Негизги максатыбыз балдар адабиятына көңүл буруу".

Анан да негизги максатыбыз балдар адабиятына көңүл буруу. Бул жаат азыр көйгөй болуп турат. Себеби азыркы учурда эски психология болгондуктан, баланы кичине кезинен китеп окууга, улуттук баалуулуктарыбызды сактап, дин, ыйман, адеп-ахлакты сакташына жол көрсөтүүбүз керек. Ал үчүн мугалим, ата-эненин сөздөрүнөн сырткары, аларды сөзсүз түрдө көп окутуу керек. Азыр 21-кылымда технологиянын өнүккөн заманы. Китептерди кээ бирлери кармап окугусу келсе, кай бирине интернеттен окуу ыңгайлуу. Мына ошого байланыштуу биз окурмандарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү аракетиндебиз.

- Сиздин бир нече китептериңизге көзүм түшүп калды эле. Канча китептин авторусуз?

- Мен көбүнчө китептерди котором. Мисалы "Болор бала", "Балага жаман тарбия берүү жолдору", "Биз эмнеге муктажбыз?" деген китептер которулду. Албетте, которулган китептерди чайнап, колдон келишинче жеңилдеткенге аракет кылдым. Ал эми "Эмне үчүн китеп окушубуз керек?", "Биз ыймандуу балдарбыз", "Биз баталуу балдарбыз", "Биз тартиптүү балдарбыз", "Биз адептүү балдарбыз" чакан китептердин автору өзүм болсом, калганы котормо. Бирок негизи котормодон дагы китепти жазышыбыз керек. "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында бул китептерди окуган жаштар көп болду. Чынында китеп окумайынча, коом дагы жакшы болбойт да. Азыр көп адамдар китеп окуп жатышат - бул жакшы кадам.

"Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагындагы иш-чара учурунан сүрөт.

- Жаштар көп окуду деп айтып калдыңыз. Жакшы жазылган китеп болсо, аны окууга ынтызарланып, кызыккан жаштар көп экен да демек...

- Ооба, туура, биз жети дубанды кыдырып, жаштарга багыт керек экенин билдик. Аныгында биз жаштарга ишенимдүү багыттарды берип, жол көрсөтө албай жатыптырбыз. Анткени аларга ишенимдүү, туура, так, таза багыттарды бергенде жаштар аны колдоп кетип жатат. Аларга туура багыт берилсе, жаштар жакшы нерселерди кылат. Бардык күнөө бизде экен.

- Адам өзүн тарбиялоосу боюнча эмнелерди айта аласыз? Адамга жалкоолук сиздин оюңузча кайдан келет жана аны кантип жеңсе болот?

- Туура суроо. Адамга жалкоолук 3 жактан келет. Акылдан, напсиден жана дене мүчөдөн келген жалкоолук. Дене мүчө же кан басым түшсө, өпкө-жүрөк ооруса, адамдын ишке күчү жетпеши мүмкүн. Бирок аны дарыласа болот. Муну менен денеден келген жалкоолукту жойсо боло турганын айткым келип жатат. Акылдан келген жалкоолук болгон болсо, анда адам буга акылым, мээм жетпейт деши мүмкүн. Албетте, адам окубаса, изденбесе, анын ой чабыты, философиялык ой жүгүртүүсү начар болот. Бул жаат көбүнчө китеп окубастыктан, мурун туура багыт берилбегендиктен болот. Мындан улам жаштар ушул ойлордун негизинде акыл жалкоолугу менен өзүн басынтып таштайт. Акыл жалкоолугун жоюу үчүн деле сөзсүз түрдө шыктандыруучу китептер керек. Тарыхта колу-буту иштебеген, кедей, такыр зээни ачылбаган илимпоздордун көбү кийин зээни ачылып кеткен фактылар бар. Муну алардын кеч болсо да туура жолду тандап, учурунда мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калды деп түшүнсөк болот. Ошондуктан шыктандыруучу китептер же башка жолдор менен бул жалкоолукту да толук жоюп жиберүүгө мүмкүн.

Мамбетасан Ибраев маркум акын Зайырбек Ажыматов менен.

Ал эми напси жалкоолугу адамды өлтүрөт, жоготот, өстүрбөйт. Ал дайыма адамды жаман жолго үгүттөп, жата тур, сен кыйынсың, эртең кыласың, убакыт бар деген сигналдарды анын мээсине жиберип турат. Жыйынтыгында ошол нерсеге азгырылып, адамда эч нерсе жок калат. Бул ыйык Куранда айтылат. Албетте, бул учурда напсини тарбиялай турган китептерди окуп, аны жеңген адамдар менен бирге болуп, аракеттерди кылган болсо аны жеңсе болот. Ошондуктан напси жалкоолугунан кутулган адам акыл жалкоолугунан да, дене жалкоолугунан да кутулат. Бирок напси менен адам баласы өлгөнчө күрөшөт экен. Чыңгыз Айтматов атабыз деле адамга күн сайын адам болуу кыйын экенин өмүрү өткүчө айтып, жазып келди да.

- Анда душман менен күрөшүүдө курал-жарак кандай маанилүү болсо, напсиге деле адамдын алган илим, билими өтө зарыл курал болот турбайбы. Рамазан айы тууралуу окурмандарга эмнелерди айта аласыз?

- 12 айдын султаны болгон Рамазан айында турабыз. Орозо айында убакыт ылдам өтүп жатат, бул чынында мени капа кылат. Акыркы мезгилде убакыттын берекеси, тапкан-ташыгандын берекеси жок болуп жатат. Быйыл деле коронавирус менен орозого кирип келип калдык. Бул айга кээ бирлери үлгүрбөй калып жатат, орозо ортолоп калды. Чынында бул ай кулкту тарбиялай турган ай, бул ай күнөө кечириле турган ай, бул ай Кудай Талаанын мээримдүүлүгү жааган ай, бул ай тилек, дубалар кабыл боло турган ай жана бул айда көп нерсени Кудай Талаадан сурап алсак болот.

Мамбетасан Ибраев.

Бул айда чексиз сооптор жазылат. Албетте, муну жалгыз садака, акча менен баалоого болбойт. Намаз окуш дагы керек, садака да бериш керек, кошуна-колоңдорду сурап, алардын көңүлүн алуу да чоң сооптордун бири. Урушкандар менен элдешүү дагы чоң сооп. Бул айдын деле алгачкы 10 күндүгү бүтүп калды. Ортоңку 10 күндүгүндө Жаратканым күнөөлөрдү кечирет экен. Ким орозо кармап, жакшы иштерди кылган болсо, акыркы 10 күндүгү бир адам тозокко татыктуу болуп калган болсо, ыйманы болгон болсо Жаратканым тозоктон бошотот экен. Аадам орозо кармагандан кийин жакшы маанайда болуп, жеңилдеп калат. Мына ошол белги Жараткан кулдарынын күнөөсүн кечиргенинин белгиси болуп эсептелинет экен. Кайра бир жыл бою күнөөлөргө түшүп, кирлеп келебиз. Кайра орозодо Кудайдан сурап күнөөлөр кечирилет. Бул да бир мүмкүнчүлүк. Анткени адамдар бүгүн бар да, эртең жок.

Апакеме
Апамдын бир жыл болду өткөнүнө,
Коштошуп эң акыркы өпкөнүнө.
Бетимде нуру калды мээриминин,
Досторум, жакындарым өппөгүлө!

Жай бербей сагынычым, эңсөө демим,
Жалгандан келет кээде эртелегим...
Келүүдө жыйыштырып бардык ишти,
Апама ба-а-аягыдай эркелегим.
Апама моокум кана эркелегим.

Бул айдагы мүмкүнчүлүктү бардык жагынан жакшы пайдаланышыбыз керек. Болгон жакшы нерселерди Жараткандан суранып калышыбыз абзел. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы Кыргыз элимди куттуу Рамазан айы менен куттуктайм. Баардык балээ кырсыктардан алыс бололу жана түгөл бололу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mariolan
2020-05-10 20:00:18
Ушундай адамдар бар учун дуйно кармалып турат
+5
zhaku2017
2020-05-10 20:41:00
Жаштардын дуйно таанымын дин менен сугара бербеш керек. Дин - буд стандартык эмес тушунуктор. Жаштар ар кандай диний мифтерге, ырым-жырымдарга байланбаш керек. Баардык кыйынчылыктар билим аркылуу гана чечилет. Сыйынып койсон эле кудай берет дегендин аягы жакырчылык алып барат.
-5
Bolunbo.kyrgyz
2020-05-10 21:15:08
zhaku2017, Жаку мисалы сиз билимизди которуп олкону онуктурунузчу. Бир реформа жазап ууру шакалдын баарын камап. Биз сизди ээрчийли ссокто тил жок деп эле суйлой бербениз кудайга каршы чыгам деп келечегинизди талкалап албаныз. Мен сизди бактысыз болушунузду каалабаймын.
+6
elebes86
2020-05-10 20:49:54
Бизде адамдык сапатты бийик тутууга уйроткон ишеним болсо жакшы. А бирок пакистан, арабтардын узун кийимдерин, салтын жайылткан исламды колдобойм.
-4
faraon312
2020-05-10 21:13:04
Мамбетасан байкебиз кыргыз үчүн күйүп бышкан бирден бир адам. Өмүрлүү болуңуз!
+6
Kennedy
2020-05-10 21:23:33
Илим-билим, жакшы мүнөз, адеп-ахлак жана туура жол мусулманчылыкта. Анан, эки сөздүн биринде арабдар жаман дегендер, мусулман дегенде жалгыз эле аларды түшүнбөөбүз керек. Баарыбызга жараткандын жакшылыгы болсун, ассолому алейкум ва рахматуллахи ва баракатуху.
+4
sinej
2020-05-10 22:58:54
Адеп ахлак деп араб элдеринин салтын тушунуп албайлык.
0
Kennedy
2020-05-11 02:15:28
sinej, дасторконго арак-шарапты коюп, көкүрөгүнүн сайы көрүнүп, көчүгүнүн формасы билинип турган кийимдерди кийип жүрүү арабдардын салты деп атасызбы? Биз мусулмандардын салты тууралуу сөз кылып жатабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан