Америкалык "Moderna" биотехнологиялык компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын эмдөө курсу болжол менен 50-60 доллардын тегерегинде болору айтылууда. Ал дозасы үчүн 25-30 долларды түзөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Ага ылайык, мындай баа АКШнын жана калктын кирешеси жогору болгон өлкөлөр үчүн каралган.
Ошол эле учурда коронавирус вакциналарын иштеп чыгууга катышкан башка компаниялар дары-дармектерин арзан баада сатууну пландашууда. Алсак, америкалык "Pfizer" жана германиялык "BioNTtech" компаниялары өткөн аптада АКШ өкмөтү менен 100 миллион доза жеткирүүгө сүйлөшүү жүргүзүп, макулдук алган. Алар вакциналардын дозасын 19,5 доллардан, ал эми британ-швед "AstraZeneca" компаниясы 3-4 долларга баалашкан.
"Moderna" биотехнологиялык компаниясынын вакцинасынын баасы 50-60 доллардан болору акыркы баа эместиги айтылат маалыматта.