Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келгенин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалдын экономикалык ишмердүүлүккө тийгизген таасирине ылайык иштелип чыккан бул багыттагы иш-аракеттерди жандандыруунун этаптуу жол-жобосу абалдын өзгөрүшүнө жараша оңдоп-түздөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралганын белгиледи.
"Коомдук транспорт азырынча ишке киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. Коронавирустун жайылуу тобокелчиликтери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат. Ушул этапка чейинки өзгөчө тартип жана кыймыл-аракеттер текке кетпеши керек. Ошондуктан ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине кайрыларым, чоң жоопкерчилик сиздерге жүктөлөт. Иш орундарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактаңыздар. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери айтылган талаптарды аткарууга катуу көзөмөл жүргүзүүгө тийиш", - деп баса белгиледи өкмөт башчы.
Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө карата белгиленгендей, эпидемиологиялык кырдаалга жараша ишке чектелген сандагы кызматкерлер тартылат.