23-ноябрга карата республика боюнча коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны жалпы 69 миң 885ке жетти. Анын ичинен 61 миң 160 бейтап ооруну жеңсе, 1 миң 237си көз жумду.
Республикалык штаб илдетти жуктургандардын аймактар боюнча статистикалык маалыматын жарыялады. Ага ылайык, эң көп Бишкек шаарында, эң аз Нарын облусунда катталды.