Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коомдук транспорттор эмне үчүн ишке кирбегени боюнча айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-майда онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Азырынча коомдук транспорттор ишке кирбейт. Коомдук транспорт эң коркунучтуу оору жуга турган зонага кирет. Таксилерди иштетип жатабыз. Таксилер дагы эрежеге ылайык, 2 кишиден ашык салганга болбойт.
Мамлекеттик кызматкерлерди аралыктан иштөөгө чакырып жатабыз", - дейт ал.