Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков кошуналарына концерт койду. Жеке концертинен видеолорду ырчы мырза социалдык баракчасына чыгарган.
Видеодон ырчыны колдоп-коштогон кошуналарынын үндөрүн угууга болот. Мирбек кошуналарына өзүнүн репертуарындагы ырларын, ошондой эле чет тилдеги ырларды аткарып берген. Ырчы мырзанын бул видеосун көрүп, "Мирбек жашаган Жал кичи районунда жашап калбай" деп өкүнгөндөр көп. Казак актёру Тауекел Муссилим да видеонун астына "кошуналарың бактылуу экен" деген билдирүү калтырган.
Буга чейин үй карантининде отурган тургундарга дем берүү үчүн ырчылар социалдык баракчалары аркылуу онлайн концерт берип жатышканы жазылган.