Алгачкы жолу коронавирус тоңдурулган азыктардын таңгагынан табылды

Кытайда биринчи жолу COVID-19 вирусу тоңдурулган деңиз азыктарынын таңгагынан табылды. Бул тууралуу Кытайдын оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Анда айтылгандай, Циндао шаарында эксперттер эпидемиологиялык изилдөөнүн натыйжасында, сырттан келген тоңдурулган балыктын сырткы таңгагынан коронавирусту аныкташкан.

Маалыматка ылайык, вирус таңгакта узак убакыт жашай тургандыгы далилденген. Белгилүү шарттарда азыкта эч кандай санитардык нормалар сакталбаса, вирус бат жугат.

"Азыркы убакта изилдөө көрсөткөндөй, COVID-19 вирусу тамак-аш аркылуу берилбейт. Бүгүнкү күнгө чейин тоңдурулган азыктардын таңгагынан вирус жуккан учурлар катталган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле аталган вирустун эң негизи жугуу жолу катары аба жана жакын байланыш болуп кала берери айтылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arai92
2020-10-18 12:52:48
Кудай сактааааа! Атайын эле кылып атышат кытайлар.
+6
Belek1710
2020-10-18 13:15:23
Өлдү го таза.
+4
Aika1988
2020-10-18 14:04:53
Кыскасы дүйнө жүзүн булгашты вирусту жугузушуп акмактар.Эртерээк токтоткондо болмок.Оздорундо азайды табышкан болуш керек дарысын булар.Жашырып жатса керек .
+5
jaskaaa
2020-10-18 19:20:38
Вирус качан бутот экен?
+1
Kadyrova_
2020-10-19 08:31:53
Кудаай өзүн сактайгөр.Бирок кыргыздар вирустун көбөйүшүнө өзүбүзда күнөлүүбүзго деп ойлойм себеби той аштарды кадимкидей өткөрүп жатпайбызбы той аштарды убактылуу токтотуп турсак болмок.Аллам өзү сактасын Кыргыз элимди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан