Бүгүн, 11-майда Бишкектин райондор аралык соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүн сотко бергени боюнча иш процесси болуп өтмөк. Бирок ал болбой калганын Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум өткөн жок. Анын себебин түшүндүргөн маалымат кийин таратылат".
Ошол эле маалда укук коргоочунун соту райондор аралык соту жоюлуп кеткени үчүн өтпөй калды деген маалымат тарады.
Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматынан тастыктады. "Ооба, райондук сот жоюлган, бирок 11-майда эмес. Бул боюнча дагы толук маалымат берилет", - деди SUPER.KG порталына маалымат катчы.