Атайын комиссия: "Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгери бизди кой союп коноктогон деген маалымат чындыкка дал келбейт"

Бүгүн, 18-апрелде түз эфир учурунда Ала-Бука районунда обсервацияда жаткан дарыгерлер "Бишкектен келген комиссияны мурунку жетекчи кой союп сыйлаптыр. Биз апрель айында нөөмөт тапшырып, анализ тапшырганбыз. Азыркыга чейин анализдерибиздин жыйынтыгын айтыша элек" деп суроо узатышкан.

Ал эми минстрлик тарабынан уюштурулган комиссия бул маалымат чындыкка дал келбестигин айтып чыкты.

"Биз Ала-Бука районунда 4 күн болдук. Бул учурда бир дагы комиссия мүчөсүнө тамакка чакыруу болгон жок. Ал эми оорукананын мурунку башкы дарыгери менен көрүшүп сүйлөшүү болгон, бирок ал кой союп бизди коноктогон эмес. Анализдердин жыйынтыгы эмне себептен чыкпай жаткандыгын карап жатабыз", - деп билдирген комиссиянын жетекчиси Алексей Кравцов.

Айта кетсек, өлкөнүн түштүк аймагында дарыгерлердин коронавирус жуктуруп алган учурларын текшерип, жагдайларды изилдөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түзгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2020-04-18 18:48:57
Жеп алып отурасынарда жарылчудай болуп
+3
aika17
2020-04-18 19:49:34
Тойгончо жеп алып олгончо каргангыла эми.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан