Коронавирус пандемиясы Кыргыз өлкөсүнө кулач жайгандан бери медицина, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ишканасынын кызматкерлери, укук коргоочулар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери күн-түн дебей иштеп, бир нече апталап үй бетин көрбөй кызмат кылып келишет. Алардын бири, учурда обсервациядагы жарандарды тейлеп жаткан Бишкек шаары боюнча башкармалыкты жарандык коргоо бөлүмүнүн улук офицери Акылбек Төлөмүшов SUPER.KG порталына обсервациядагы абал, жумушунун оош-кыйыштары тууралуу айтып берди.
- Акылбек мырза, саламатсызбы? Сиз марттан бери алганда экинчи айлампада обсервацияда жаткан жарандар менен иштешип жатыптырсыз. Негизги кызматыңыздар кандай?
- Саламатчылык! Ооба, марттан бери буюрса, экинчи айлампада иштеп жатабыз. Жалпы эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдети бул - эл көп топтолгон жерлерди дезинфекциялоо, чет өлкөлөрдөн учуп келген мекендештерди аэропорттон коштоп келип, обсервацияга жайгаштыруу, алар обсервациядан чыккандан кийин шейшептерин алмаштырып, дезинфекциялоо, ошондой эле жарандарды 3 маал тамак, күнүмдүк керектелүүчү каражаттар менен камсыз кылуу болуп саналат.
- Акыркы кезде обсервацияда жаткандардан коронавирус аныкталып жатат. Сиздерде да жугузуп алуу коркунучу чоң турбайбы?
- Биз обсервациядагы жарандарды тейлегенибиз менен аларга түз байланышпайбыз. Мисалы, тамак бергенде деле эшикти тыкылдатып, сыртына коюп кетебиз. Ошентсе да, коргонуу эрежелерин так сактоого аракет кылабыз. Ар кандай болуп калышы мүмкүн да, туурабы? Учурда Кудайга шүгүр, биздин кызматкерлерден коронавирус жуктурганы жок. Бул жакшы коргонуудан болсо керек. Ошентсе да "сактыкка кордук жок" дегендей, 14 күн иштеп бүткөн соң сөзсүз коронавируска тест тапшырып, таза чыксак шарты барлар үй карантинине чыгарылып, шарты жоктор обсервацияда калып, кайра анализ тапшырып жатышат.
- Сиз кайсы обсервацияда иштейсиз? Коронавирус эпидемиясы эми жанданып баштаганда көп эле жарандар обсервациялардын начар шартына нааразы болуп арызданып жатышты...
- Мен эки жолкусунда тең Бишкектеги "Ак кеме" мейманканасында иштедим. Бизде шарт начар деп нааразы болгондор чыккан жок. Көбүнесе ыраазы болуп кетишет. Албетте, ар кандай адамдар келип жатты, айрымдары "мен ооруган жокмун, обсервацияга жатпайм, мени эмнеге камайсыңар?" деп тополоң кылды. Ошентсе да бул маанилүү нерсе экендигин түшүндүрүп, аларды алып калып жаттык.
Башында бизде чын эле коркунуч болду. Бара-бара тажрыйбалуу да болуп калдык окшойт, көнүмүш жумушка айланды. Бир жолу кайсы мамлекеттен келгендер экенин унутуп калдым. Обсервацияга жаткырганда керектүү нерселерди алдырып алгыла деп аларга айтылган. Айрымдары "шымым жок", "сүлгүм жок" деп ар нерселерин алдыртып, кийим-кечелерин таң атканга чейин ташыганыбыз эсимде. Баары бири-бири менен тааныш адамдар экен, аш буюртма кылып, бизди аябай кыжаалат кылышкан. Ошондо биз бул жакта иштеп жатсак, алар жатып алып ар нерсени бизге алдыртышканы жагымсыз болгон. Акыры тажаганда "Силер бул жакка эс алганы келген эмессиңер. Силер обсервацияда жатасыңар. Коопсуздук эрежелерин сакташыңар керек" деп түшүндүргөнбүз.
- "Ак кеме" мейманканасынан да коронавирус жуктургандар чыкты. Вирус аныкталгандарды кандай шартта алып кетип жатышты? Ошондой окуяларга туш болдуңуздарбы?
- Ооба, атайын адистер коргонуучу кийимдери менен келип, дене табы көтөрүлгөн же шек жараткандарды күн-түн дебей алып кетип жатышты. Арасында чет өлкөдөн операция жасатып келгендер, кош бойлуулар бар болчу. Аларды атайын "Тез жардам" кызматы менен башка кошумча эшик аркылуу алып чыгып кетишкен.
- Үй-бүлө, бала-чакаңыз барбы? 14 күн келбей иштеп жүргөнүңүздү балдарыңыз түшүнүп жатыштыбы?
- Үй-бүлөлүүмүн, балдарым бар. Билинбегени менен бизде жумуш көп. Обсервацияда жаткандарды тейлеп отуруп өзүбүз тамак ичкенге үлгүрбөй калабыз. Кээде үй-бүлөмдөн кабар алууга да убакыт болбой калат. Башында балдарым менен сүйлөшүү аябай кыйын болду. Эптеп убакыт таап, аларга чалсам албай калышат, кайра алар чалса мен бошобой калам. Видео чалуу аркылуу сүйлөшсөм балдарым ыйлап, куса болуп, жаман болушту. Негизи медалды кызмат кылгандарга эмес, алардын жубайына, энесине бериш керек экен. Биз го жарандар менен алышып күнүбүз кантип өткөнүн билбей калабыз. Алар күнү-түнү тиленип, бизди күтүп, сарсанаа болушат.
- Маегиңизге рахмат! Эртерээк бул инфекция жоголуп, үй-бүлөңүздүн кашында болуңуз!