Республикалык штабдан азыркы учурда кайсы кызматтардын иштөөсүнө болбой турганынын тизмесин жарыялашты. Массалык иш-чараларды өткөрүүгө жана төмөнкү ишмердүүлүктөргө тыюу салынган:
- калкты тейлөө борборлору, финансы жана башка кызматтар чөйрөсү (күрөөканалар);
- калкты тиричилик тейлөө чөйрөлөрү (бут кийим оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо);
- соода-сатык чөйрөсү (соода борборлору, кийим-кече базарлары жана дүкөндөрү, автоунаа базарлары) ;
- жеке репетиторлордун кызматтары;
- жеке үй-бүлөлүк мончолор жана СПА-борборлордун кызматтары;
- коомдук унаа, спорттук залдар.