Коронавирустун алдын алуу үчүн витамин ичүү керекпи? Адистин жообу

Белгилүү украиналык дарыгер жана телеалпаруучу Евгений Комаровский коронавирустун алдын алуу үчүн витамин комплекстерин ичүү пайдасыз дейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыккан.

"Инфекциялык оорулардын алдын алуу үчүн витамин ичүүнүн пайдасы жок. Эгер организмге кандайдыр бир витамин жетишпей жатса, эгер адамдын табити эч нерсеге тартпаса же туура эмес тамактанган учурда организм керектүү азыктарды албай жатса, башкача айтканда, авитаминоз болгондо витаминдер комплексин ичсе болот", - деген дарыгер.

Комаровскийдин айтымында, изоляцияга даярдык көрүп, жалаң зыяндуу азыктарды чогултуп алгандар үчүн витаминдер артыкчылык кылбайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан