Бүгүн, 28-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев медицина кызматкерлеринин бардык керектөөлөрүн камсыздоо зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымат таратышты.
«Кайдыгер эмес жарандар жана медицина кызматкерлеринин туугандары тараптан даттануулар абдан көп. Дагы бир ирет эскерте кетейин, медицина мекемелеринин кызматкерлери посттордон тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Алар ошондой эле бир жерден экинчи жакка жөө барбай, транспорт менен камсыздалышы керек. Медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыз кылуу жоопкерчилиги, алардын кыймылынын маршруттарын түзүү ар бир медициналык мекеменин башкы дарыгерлерине жүктөлгөн. Бирок алар бул иштерди жасабаганын көрүп турабыз. Илдетти жуктуруп алгандарды дарылоо боюнча токтолсок, кыска мөөнөттө алар менен байланышта болгондорду издеп-табуу жана санын тактоо иштерин бүтүрүү керек. Алар вирустук инфекцияны таратышы мүмкүн деген тобокелдик бар», - деди премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режими учурунда мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери үйдөн иштөөгө өтүүсү керектигин эскертти. Муну менен катар алар коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылуусуна жол бербөө максатында гигиенаны катуу сактоого милдеттүү.