"Коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт". Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы каралды.

Мамлекет башчы экономикалык кыйынчылыктардын келип чыгарына карабай, ар бир мамлекет өзүнүн элинин саламаттыгын биринчи орунга коюп, чек араларды, каттамдарды жаап жатканын белгиледи.

"Биз да, Кыргыз өлкөсү ошол багытта иштеп жатабыз. Ачыгын айтышыбыз керек, экономикага терс таасири тиет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды үнөмдөө режимине өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек", - деди президент.

Сооронбай Жээнбеков калкыбыздын саламаттыгы биринчи кезектеги маселе экенин дагы бир жолу айтты. Кырдаал анын жеке көзөмөлүндө болуп, саат сайын ар кыл мамлекеттик органдардан маалымат алып жатканын баса белгиледи.

"Албетте, эл болгон соң ар кандай кептер айтылууда. Санарип заманында такталбаган маалыматтар социалдык тармактарга да тарап жатат. Коронавирус Кыргызда жок дегенден күмөн санап, шектенген да пикирлер айтылууда. Коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт. Бул табигый көрүнүш. Мындан ары да ишти күчөтүп, эң негизгиси коомчулукка маалыматты ачык, ыкчам берип туруу зарыл", - деп билдирди ал.

Чакан курамда Копсуздук кеңешинин жыйынында коронавируска байланыштуу абал боюнча эки республикалык штабдын маалыматы угулду.

Коронавирустун өлкөгө кирүүсүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө маалыматты вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, билим жана илим министри Каныбек Исаков берди.

Өлкөдөгү экономикалык абалга коронавирустун кесепеттеринин таасирин азайтуу боюнча докладдар менен вице-премьер Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов чыгып сүйлөштү.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө 16-марттан баштап өлкөнүн бардык мектептерин жана жогорку окуу жайларын үч аптага карантинге жабуу чечими кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги тууралуу бир жолу эскертти. Зарыл болгон иш-чаралар тиешелүү деңгээлде ишке ашырылбаса, эң катуу чаралар көрүлөт деди өлкө башчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан