Депутат өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деп баа бере турганын айтты

Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деп баа бере турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Бул өкмөттүн ишмердүүлүгүнө "канааттандырарлык эмес" деп баа берүү керек. Менин пикирим боюнча, өкмөт 2019-жылы ишмердүүлүгүн так аткарган эмес. Өздөрү берген маалыматта кемчиликтер бар.

Чек ара маселеси боюнча тез арада чечилбейт деп элге ачык эле айтпайсыздарбы. Бир айдан кийин чечебиз деген сөздөн алыс бололу. Кандай чечим кабыл алсаңар да элге жакпайт. Эки тарап бирдикке келиш керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан