Коронавирус пандемиясына карабай АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турнирине катышкан мушкерлердин беттеш үчүн канча акы алганы белгилүү болду. Бул тууралуу америкалык журналист Жед Гудман социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып калтырган.
Турнирге катышкан америкалык мушкер Тони Фергюсон негизги беттеште жеңилгенине карабастан 500 миң доллар тапкан. Учурдагы UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону Жастин Гейтжиге 350 миң доллар берилди.
Олимпиада чемпиону Генри Сехудо турнирдеги жеңиши үчүн 350 миң доллар алса, анын атаандашы Доминик Круз 300 миң долларга ээ болду.
Орусиялык мушкер Алексей Олейник бразилиялык мушкер Фабрисиу Вердумду жеңип, 160 миң долларга ээ болсо, Вердумга турнирге катышканы үчүн 100 миң доллар берилди.
10-майда өткөн бул турнирде өткөн UFC 249 турниринде Тони Фергюсон жердеши Жастин Гейтжиге беттештин бешинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңилип калган.