АКШнын Калифорния штатындагы Пасадена шаарында жашаган айым досунун туулган күнүнө бет кабы жок барып, жөтөлүп, "коронавирус болуп калдым окшойт" деп тамашалашып жүргөн. Кийинчерээк ал чын эле вирус менен ооругандыгы аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Досунун туулган күнүндө "коронавирус болуп калдым окшойт" деп тамашалашып жүргөн айым оозуна салгандай эле коронавирус менен ооруп калган. Маалыматка ылайык, ал туулган күндө 5 конокко вирус жуктурган. Дагы 6 адамда инфекциянын белгиси жок болгону менен коронавируска шектелип жатат.
Шаардык башкаруу кеңешинин сайтында туулган күндүн уюштуруучусу жана коноктор коопсуздук эрежелерин бузгандыгы, бет кап кийбей, аралыкты сактабагандыгы жазылган.