Бүгүн, 8-май күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу брифинг өттү.
Маалыматка ылайык, бир суткада 13 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар:
Бишкек шаарында – 6;
Ош шаарында – 6;
Нарын облусунда – 1.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 650 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.