Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикалык ыкчам штаб жарандарга Бишкек, Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууну чектөөсүн сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда штабдан кабарлашты.
"Башка региондордо жашаган жарандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аталган аймактарга барууну чектөөнү сунуштоодо. Ошондой эле жарандарды медициналык бет кап тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырабыз. Мындан тышкары ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан кармануу сунушталат", - дешти штабдан.
Бишкек шаары, Чүй өрөөнү жана Ош облусу "кызыл зонага" кирет.