Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевдин тергөө амалдары анын катышуусу менен өтүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Азыркы учурда УКМК кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренеси "бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" боюнча башкы фигуранттардын бири Каныбек Осмоналиевдин иши боюнча тергөө улантылып жатат.
Каныбек Осмоналиев 2-марттагы митингдин тынчтык жолу менен өткөрүлүшүнө жана талаптагыдай аякташына жооптуу экендигине карабастан, аталган митингдин конкреттүү күн тартиби иштелип чыкпагандыгы менен өз сөзүндө мамлекеттик башкарууга байланыштуу ар кандай маселелерди козгоп, катышуучуларды агрессивдүү аракеттерге түрткү кылып, кырдаалды курчутуу максатын көздөгөндүгү боюнча жетиштүү далилдер чогултулган.
Кылмыш ишинин материалдары боюнча Садыр Жапаров жана анын жакындары митингди өткөзбөөгө чакырган. Бирок Каныбек Осмоналиев өзүнүн кызыкчылыгын көздөп митингди уюштурган. Белгилей кетсек, Осмоналиев четтен көзөмөл салып, массалык баш аламандыкка айланып кеткен акциянын катышуучуларынын аракетин алдын алууга аракеттенген эмес. Осмоналиевдин арызындагы суракты бир эле жолу гана өткөрдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө амалдары анын түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлүүдө деп жазылат маалыматта.