Өзүңө мобилдик капчык ачуунун 7 себеби

Дүйнө жүзүнүн көпчүлүк бөлүгү төлөмдөрдү накталай эмес төлөөгө өтсө да, биздин көпчүлүк жарандарыбызга накталай акча менен төлөгөн жагат. Бул төлөм жүргүзүүнүн эски жана текшерилген, бирок ыңгайсыз жолу.

FINCA ELSOM мобилдик капчыгы – бул төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуу жолу!

Муну текшерүү үчүн смартфондун бар болушу жетиштүү!

КОММУНАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР ЖАНА ТӨЛӨМДӨР

Мобилдик капчыктын негизги артыкчылыктарынын бири – бул коммуналдык төлөмдөрдү жана ар кандай сатып алуулар үчүн төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгү. Эми көптөгөн коммуналдык дүмүрчөктөр менен почтага баруунун жана кезек күтүүнүн кажети жок. Каалаган кызмат көрсөтүүлөр жана сатып алуулар үчүн төлөмдөрдү мобилдик капчык аркылуу бир нече секунддун ичинде төлөөгө болот.

АКЧА КОТОРУУЛАР Мобилдик капчыктын дагы бир артыкчылыгы – бул Кыргызстандын каалаган жерине көз ирмемде акча которуу. Жакындарыңыздын капчыгын да каалаган убакта толуктасаңыз болот же мобилдик капчыктын бир номерине акча чогултууну уюштурсаңыз болот. Мисалы, кесиптешиңиздин туулган күнүндө кеңсени кыдырып, акча чогултуунун ордуна сиз баарын бул тиркемеге чакырып, ошол жерде акча чогултсаңыз болот.

НАСЫЯЛАР ЖАНА ДЕПОЗИТТЕР FINCA

Банктагы насыяңызды төлөө же депозитиңизди толуктоо үчүн банкка барып, ал жерде кезек күтүүнүн, андан кийин адис бардык документтерди толтуруп, мөөрлөрдү басып, сизге бир топ кагазга кол койдурушун күтүүнүн кажети жок.

Болгону каалаган терминалдан FINCA Элсом электрондук капчыгына акча салып, үйдө отуруп эле банк менен эсептешүүлөрдү жүргүзсөңүз болот.

ЖОЛДОГУ КАМЕРАЛАР АРКЫЛУУ КЕЛГЕН АЙЫП ТӨЛӨМДӨРДҮ ТӨЛӨӨ

«Коопсуз шаар» долбоору биздин жашообузга ийгиликтүү кирди жана эми жол эрежелерин бузуулар үчүн айып төлөмдөрдөн эч кайда качып кутула албайбыз. Мурда айып төлөмдөрдү төлөө үчүн бир жерге барып, кезек күтүү керек болсо, эми аны телефондон мобилдик капчыктын жардамы менен 30 секундда төлөөгө болот.

QR-КОД

Кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүү барган сайын ыңгайлуу болууда. Сатуучуга акча которуу үчүн картанын узун номерин киргизүүнүн ордуна анын QR-кодун сканерлеп коюу жетиштүү.

Чакан дүкөндөрдүн ээлери ПОС-терминал сатып албастан, өзүнүн картасынын QR-кодун басып чыгарып, кассанын жанына тиркеп койсо болот: сатып алуучулар ал QR-код аркылуу керектүү сумманы терип, төлөм жүргүзө алышат.

НАКТАЛАЙ АКЧА КАНДАЙ БОЛОТ? АНЫН ДА ЧЕЧИМИ БАР

Сиз акчаңызды мобилдик капчыкта сактап, ар кандай кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөсөңүз болот. Ал эми эгерде сизге тез арада накталай акча керек болсо, анда каалаган банктын «Элкарт» улуттук картасы аркылуу акчаңызды чыгарып алып, чыгарылган акчаны сиз жашаган шаардагы каалаган банкоматтан накталап алсаңыз болот.

КООПСУЗДУК

Мобилдик капчык – бул сиз үчүн ыңгайлуу жана акчаңыздын коопсуздугун камсыздайт. Капчыктардагы акчалар банк тарабынан кепилденген: ар бир сатып алуудан кийин же кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндөн кийин телефонуңузга транзакцияны тастыктаган SMS келет

Мындан тышкары, сиз сатып алуулар үчүн онлайн чек аласыз жана зарыл болсо, төлөм жүргүзгөнүңүздү ар дайым тастыктай аласыз.

FINCA ELSOM мобилдик капчыгын кантип жүктөө жана орнотуу жөнүндө толук маалыматты биздин сайттан алсаңыз болот: www.fincabank.kg/?p=12569


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан