Жогорку Сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши каралууда

Бүгүн, 13-майда Жогорку Сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши каралууда. Бул тууралуу маалыматты мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 25-февралында Жогорку Сот жаңы жагдайлар боюнча өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуяга тиешеси бар делип өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кайра карамак. Соттук процесс башталганда мамлекеттик айыптоочулар кассациялык арыз менен тааныш эмес экендигин билдиришкен. Кеңешме залынан чыккандан кийин соттук коллегия отурумду 6-апрелге жылдыруу чечимин кабыл алганын айткан.

6-апрелде сот отурум өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу өтпөй калган.

Аскаров буга чейин Базар-Коргондо 2010-жылдагы "массалык баш аламандыкты уюштурган" деген беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.

2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыны тастыктаган. Аталган комитет кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.

Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган.

2019-жылдын 30-июлунда Чүй облустук сотунда жаңы ачылган жагдайлар боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин кайра карап, мурунку өкүмдү күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Goodyer
2020-05-13 11:23:59
ХХХХ ушул адамды чыгаргынар келип атабы. Ушул Адам чыкса анда бардык турмодогулорду чыгарсанар дагв Боло берет
+4
Барс
2020-05-13 11:27:03
Укук коргоочу эмес, баш кесер Азимжан жырткыч деп эле так айтуу керек!
+3
patiydin
2020-05-13 11:33:37
Бул баш кесерди турмодон чыгарсанар, шейит кетгендердин уй булоосу кандай ахвалда калат ушуну ойлодунарбы Урматтуу соттор!
+3
Jelezo
2020-05-13 14:17:34
Атаңы өлтүргөнгө энеңди бер деген кыргыз,бул осурак чалды түрмөдө багып отурбай чыгарып деле койсо болот 10жыл сабак болгондур.
-2
xnurgul_gul
2020-05-13 14:36:51
НПОчулардын кызыгы куч болуп жатат. Мурун биздин озубуздон чыккан душмандар коргоп чакырык жасап кетишкен. Эми болсо Америка туздон туз эле ички саясатыбызга кийлигишип жатышат. Кудай бул кантип чыгарасынар жети жуздой адамды союп салган кишини(( Шорубуз тугой элек эл экенбиз Кыргыздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан