Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси райондук соттон акталып чыкты

Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов Биринчи Май райондук сотунан акталып чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

"Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2020-жылдын 11-майында Алмаз Касеновдун ишинен кылмыштын курамы табылбагандыктан күнөөсү жок деп табылып, акталды. Касенов сот залынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов 2014-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду жаңылоо иштеринде жарым миллион сомдон ашык каражатты уурдап алган деген айып менен 2018-жылдын август айында камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан