Ысык-Көл облусунда чагылган түшүп, 25 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Тоң районунун Көл-Төр айылында кечээ, 12-май күнү саат 17:20да болгон.
"25 жаштагы А.Э. талаада мал жайып жүргөн. Ошол убакта чагылган түшүп, маркум өзү минип жүргөн эшеги менен окуя болгон жерден каза болгон", - деп билдиришти облустук милициядан.