Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал мыйзамсыз баюу деген берене менен айыпталып жатат.
Мамлекеттик айыптоочунун ооруп калгандыгына жана күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу, 13-май күнүнө дайындалган соттук отурум 20-май күнүнө саат 14:30га жылдырылды.