13-майда саат 04:20 чамасында Бишкектин Свердлов районундагы турак үйдөн өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө патрулдук милициянын кызматкерлери жардам беришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрт Щербаков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан.
"Кызматкерлер үйдөн түтүн чыгып жатканын көрүшүп, дароо эле өчүрүүгө киришкен. Тиешелүү кызматтын өкүлдөрү келгенче патрулдук милиция кызматкерлери өрттү өчүрүүгө үлгүрүштү", - деп айтылат маалыматта.