Эл өкүлү Казакбаев депутат Жумалиевдин мүлкү эмненин негизинде текшерилип жатканын сурады

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Руслан Казакбаев депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү эмненин негизинде текшерилип жатканын сурады.

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы социалдык тармактарга жарыяланган материалдардын негизинде депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерип баштады. Бул канчалык туура? Эмненин негизинде текшерилип жатат", - деди депутат.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев материал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилгенин айтты.

Аталган кызматтын башчысы Бакир Таиров кечээ Башкы прокуратурадан материалдар келгенин билдирди. Ошол материалдардын негизинде иш алып барып жатышкандарын белгиледи.

Депутат эмне үчүн азыркы учурда текшерилип жатканын сурады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иштердин баары мыйзамдын негизинде болуп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан