Сингапурдун Технология жана дизайн университетинин (SUTD) изилдөөчүлөрү эсептөө жүргүзүшүп, Кыргыз өлкөсүндө жана башка мамлекеттерде коронавирустун жайылуусу качан токтой турганын жарыялашкан. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жайылуусу июнь айынын ортосуна чейин бармак.
Аталган университеттин окумуштуулары түзгөн эсептөө графигиндеги болжолдуу даталар жокко чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Буга чейинки божомолдор мындан ары жараксыз болуп эсептелет. Анткени илдеттин өнүгүү жолу тездик менен өзгөрүп жатат. Келечекте так боло турган божомолду жасоо аракеттери белгисиз болуп жаткан абалдан улам адаштырууга алып келиши мүмкүн деп белгилешет адистер", - деп айтылат.
Окумуштуулар дүйнө жүзүндө коронавирус ушул жылдын декабрь айында токтошу мүмкүн деген алдын ала маалыматты айтышкан.
Коронавирус илдетинин токтошу тууралуу алдын ала маалымат жасалма интеллекттин жардамы менен эсептелген. Анда ар кайсы өлкөлөрдүн, атап айтканда, "Our World in Data" илимий онлайн басылмасына жарыяланган регрессиялык маалыматтарга негизделген. Статистика күн сайын жаңыланып тургандыктан, алдын ала эсептөөлөрдө катачылык болушу мүмкүн жана мындай эсептөө билим берүү жана изилдөө максатында жүргүзүлгөн. Мындан улам окурмандар муну божомол деп кабыл алуусу керектигин эскерткен университет.