"Карантинге чейин үйдө жегенге эч нерсебиз калбай калган". 6 баланы жалгыз асырап жаткан эненин көйгөйү

6 баланын апасы Эркинай айым эч жерде иштебейт. Эмчек эмген эгиз балдарым бар деген көп балалуу эне тамак-аштын тартыштыгынан карды ач болуп, кан басымы түшүп кеткен учурлар болгонун айтат. Учурда Эркинай айым Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында жашайт. Жашап жаткан үйгө 2019-жылдын сентябрь айында көчүп келген. Үй арабдардын кайрымдуулук фонду тарабынан жардамга муктаждар үчүн салынган.

"Жолдошум экөөбүздүн турмушубуз бир болбой, эки жолго түшкөнбүз. Балдарыма ушул жылдын январь айынан баштап жөлөк пул алып баштадым, ал дагы жеке фонд тарабынан каржыланат. Мамлекет жактан эч кандай жеңилдик же жардам деле жок. Ал акчага тамак-аш алабыз, башка нерсеге артпай калат. Мисалы 2 айдан бери электр жарыгы үчүн, сентябрдан бери балдарымдын мектебине ай сайын (кароолчуга, тамак-ашка) берилүүчү акчаларды төлөй алган жокмун. Мектептен төлөп койгула дейт, кайра-кайра айттырбай төлөп коёюн десем каражат жок.

Карантин баштала электе 45 килограмм ун, кесме, суу май жана самын сыяктуу жуунуучу каражаттар арабдардын фонду тарабынан берилген. Ишенсеңер ал жардам берилгенге чейин үйдө жегенге эч нерсебиз калбай калган болчу. Тамак-аштын жетишсиздигинен кардым ачып, кан басымым түшүп кеткен учурлар болду. Эгиз балдарым бар, эмизем. Колубузга тийген жардамды алып, шүгүр деп отурабыз. Мындан ары карантин уланса тамак-ашыбыз кандай болот?

3 балам мектепте окуйт. 4-чейректе онлайн окутуу болот, болгону бир телефон бар. Интернетке дагы дайыма кошулбай калат. Бир телефонду үчөө күтүп турушат, кайсы баламдын колуна карматып, окуусун улантмак элем. Көп сабактары калып калат", - дейт ал.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча тизмеде катталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 96 миң, алар азык-түлүк жардамына муктаж. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу көптөгөн адамдар жумушсуз калды. Бүгүнкү күндө жардамды бардык үй-бүлөлөр ала элек. Алардын катарында көп балалуу, жалгыз бой энелер дагы бар.

Эркинай айымга жардам берүүнү каалагандар 0(554) 126-020 (ЭЛСОМ) номери аркылуу байланышса болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
JaneEr
2020-04-02 15:54:48
Окмот учун тороп бергенсип аябай арыздангандар коп.Ойлонуп торошпойбу шартына карап.Уйу жок кантип жашайм,кантип багам деп.
-11
Alinur96kg
2020-04-02 16:14:58
JaneEr,жардам бергинер келбесе эч нерсе деп жазбай эле койгулачы.Сенден эч нерсе сураган жокко.
+17
JaneEr
2020-04-02 16:27:26
Alinur96kg,сен жардам бер.
-13
Alinur96kg
2020-04-02 17:29:07
JaneEr,макул.
+6
Samatalibei
2020-04-02 16:38:43
Alinur96kg, туура айтасын. Пайда бере албасан зыян бербе. Сен жардам бербесен окмот жардам бербесе,Башка кайрымдуу жардам берчуу жарандарыбыз берет! Болгону ачыка чыкпай келет Супер инфого Рахмат жалпы эл билди эми жардам алып баштайт.
+10
AksyKum
2020-04-02 16:22:23
JaneEr, ообада ..бар деп эле Торой бербей.балдардыда кыйынап.
-7
Samatalibei
2020-04-02 16:39:22
AksyKum, силерге зыяны тийип жатабы? Айткылачы эмне кыйналып жатасынар?
+10
AksyKum
2020-04-02 17:11:03
Samatalibei,балдары кыйналып жатат
-1
Mamiev
2020-04-02 17:35:43
JaneEr,Эмнеге мынча зээнин кейип жатат жанындан акча бергендей. Карантинде мындай эмес колунда барлар дагы кыйналып жатат. Кыргыз эл жардамын аябаса бул күндөр дагы өтөт. Буюрса ошол төрөгөн балдары энесин эч нерседен кем кылбай багып алаар
+2
Dalil
2020-04-02 21:56:51
JaneEr,тообо кылдым де. Өкмөт үчүн төрөбөйт. Бирок өкмөт ар бир аз камсыз болгон жаранына жардам бергенге милдеттүү, салыкты ар бир иштеген жарандан сенин каршы же каршы эмес экениңе карабай алган соң.
+2
nazarnew
2020-04-02 16:13:25
Биздикилерге пофиг да, төрөй беришет ырыскысы бар деп, когда кыйналып башка келгенде ыйлакташат, эки балалуу болгон жетиштүү бир кыз и бар бала, как европалыктардай.
-2
Samatalibei
2020-04-02 16:40:12
nazarnew, Биронун баласы менен ишинер эмне! Ыйлактаган жок адам сыяктуу жарандар жардам береби деп кайрылыптыр. А силер сыяктуу адамдардан жардам эмес жакшы соз чыкпайт!
+11
AksyKum
2020-04-02 17:12:52
Samatalibei,ошо ар кимден жардам кутпой азырак тороп иштесе болобу
-6
Nargizab
2020-04-02 20:45:08
AksyKum, Баары адам ойлогондой боло берсе анда жашоо башкача болмок. Кудайм ошону жазыптыр пешенеге коруп атат.
+3
Nargizab
2020-04-02 20:43:27
nazarnew,Ойлонуп суйлосон боло Кудайм тагдырына канча бала жасза ошону торойсун кыйналса кыйналгандыр жон гана жакшы соз жазып кой сенин нен кетип атат.
+5
bond02
2020-04-02 16:22:49
Баягы тонналаган ун, башка продукталар кайда кетип жатат анан ушундай коп балалууларга берилбей.
+9
AksyKum
2020-04-02 16:26:33
bond02,Буга окшогондор ото копда жеткире албайтат
-2
zamir_kgz
2020-04-02 16:28:21
Ошончо баланын атасы соо бекен озу.
+1
murat17
2020-04-02 17:16:49
Матраимов фондуна кайрылуум ушул айымга жана ушуга окшогон айымдарга ун жана майынызды таратып бериниз Аллах жетимдин башын сылагандарды жакшы корот жана ошондой эле колунда барлар ушуга окшогон айымдарга жардам бергиле азыр элдин пейили дагы бузулган жардамды колунда барлар жулкунуп барып алып жатышат чыныгы кыйналгандар калып жатат супер инфо азаматсынар ушуларды коп чыгаргыла
+5
Aikaaaa
2020-04-02 17:59:05
Бага албасаң төрөбө, балдарга да бактылуу балалык тартуулаш керек. Анан тигинттим, минтип калдым дебей. Мал эмеспиз го акыры
-2
Kitep
2020-04-03 01:18:09
Aikaaaa,балдарга бактылуулук тартуулоо акчада же багууда эмес!Кыйынчылык Эч кимдин башына тушпосун,тушсо баары сурайт.мамлекет да керек болсо жакында 120млн жардам сурады.
0
Raihan0602
2020-04-03 11:26:50
Жакшы сөз айта албасаң жаманын да айтпа
-1
Jelezo
2020-04-02 18:18:50
Төрөбө деп силердин ХХХХ ооруп жатабы,азамат келин экен кыргыздын санын көбөйтүп.
+8
AksyKum
2020-04-02 19:36:30
Jelezo,биздин эч жерибиз ооруган жок.балдар квналып жатат,досторунун алдында кысынып жатат,армандуу балалык отуп жатат
-2
Mintip-menu-suybo
2020-04-02 18:35:05
Туугандар создун маанисине конул бургула... Мен деле туура тушуном аз торо дегенин... Бирок ошол алты баладан озунун атасы баш тартып атат, озунун ден соолугу кетип атат... Ошол балдар эле чоноюп карайт дейсинерби...Ар кими озуно носки издеп жонойт... Балдары да мектепте басынат, жакшы кийине албайт... Жардам бересинер ашып кетсе 1 жыл, андан кийинчи? Кимге кереги бар ушундай кыйынчылыктын...
0
Mintip-menu-suybo
2020-04-02 18:37:11
Ээми торолуп калыптыр, эптеп чонойоор... Бирок ойлонгула айымдар...
+2
taibek12
2020-04-02 19:45:01
Бай адамдар билишет балага ото коп вложения кетишин а кембагал адамдар балдарын санын кобойтушот бироосуу ийгиликтуу чыгып биздин багат деп. Шарты тузуп туруп баланы торош керек акыры атасы бар го ошону алимент толотсун да ушунча баласы менен кыйналбай
-1
admin_portal
2020-04-02 22:21:51
Makkambaev97, murat17, Jaran94, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан