Бүгүн, 14-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында Ош облусу боюнча коронавируска байланыштуу жалпы статистика айтылды.
"Жалпы облус боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 181 адамды түзөт. Бүгүн, 14-майга карата жаңы жуктуруп алгандар жок. Ал эми 181 адамдын арасынан, тилекке каршы, каза болгон 4 адам биздин облустун тургундары болчу. Учурда 160 адам айыгып чыгып, дагы 17 адам ооруканада дарыланып жатат. Обсервацияларда 60 жаран бар. Акыркы күндөрү чет жактан келген Ош облусунун тургундарынан оору жуктуруп алган тенденция байкалууда. Бирок калган чарбачылык иштер жана жеке турмуш боюнча абал туруктуу", - деди Узарбек Жылкыбаев.