Өткөн суткада өлкөдө 412 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаары – 242, Ош шаары – 2, Чүй облусу – 91, Ош облусу – 9, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 12, Жалал-Абад облусу – 37, Баткен облусу – 12.
Жалпы 196 миң 232 адамдан коронавирус аныкталган.
Бир суткада 511 бейтап илдеттен сакайды.